Баткен: Куткаруучулар күжүрмөн даярдыкты камсыздоодо

ӨКМнин куткаруучулары 3 күндүк окууну ийгиликтүү аяктады.
КР ӨКМнин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын негизги иш-чараларын мерчемине ылайык, жайкы окуу мезгилине карата Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводдорунун командирлери атайын окуудан өтүштү.
Командирдин даярдоо боюнча окуу программасынын негизинде тоо-кен куткаруу багытында атайын тактикалык сабактар өткөрүлүп, атайын сертификаттар тапшырылды.
24-25-26-август күндөрү уюштурулган иш чаранын алкагында куткаруучулар күжүрмөн даярдык жана профессионалдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлүп, бул багытта тиешелүү сабактар өткөрүлдү.