Баткен: Куткаруучулар тик учак менен жабырланган туристти тоодон түшүрүштү

Баткен районуна караштуу Миң-Теке тоосунда Нидерландиядан келген 36 жаштагы Textor Boris аттуу турист бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгы тууралуу маалыматты “Централ Азия Тур” туристтик фирмасынан 112 кызматына кабарлаган.
Туристтик фирманын өкүлдөрү жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.
Жогоруда аталган туристти тоодон түшүрүү үчүн Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы бүгүн 13-сентябрда саат 9:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Тик учак кайрадан саат 17:55те Бишкек шаарына туруктуу жайгашкан ордуна конду.