Баткен: Куткаруучулар ыктыярчылар менен кошо куткаруу иштерине катышты
БАТКЕН: КУТКАРУУЧУЛАР ЫКТЫЯРЧЫЛАР МЕНЕН КОШО КУТКАРУУ ИШТЕРИНЕ КАТЫШТЫ
КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөо-куткаруу отрядында машыгуу уюштурулду. Машыгууда куткаруучулар күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү.
Иш-чара Кызыл Ай Коому менен биргеликте уюштурулуп, кырсык катталган учурда көрүлүүчү чараларды кантип, кандай шартта жүргүзүү жана жарандарды коопсуз жайга алып чыгуу аракеттери практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жана атайын даярдалган жергиликтүү командалар ӨКМ кутаруучулары менен биргеликте жумуш алып барып, куткаруу иштеринде тажрыйба алмашууга шарт түзүлдү.
Машыгуу учурунда куткаруу иштерине зарыл болгон шаймандар жана атайын жабдыктар отряд тарабынан камсыздалып, иш-чара эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө көпүрө болгон машыгуу болуп калды.