Баткен: Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга көмөк

5-октябрь — Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө байланыштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинде практикалык иш чара уюштурулду.
Иш чарага шаардын биринчи вице-мэри, ошондой эле тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, мугалимдер, студенттер арасында практикалык көрсөтмөлөр уюштурулду.
Жыйынтыгында 1 чакырым аралыкка жөө жүрүш уюштурулуп, куткаруучулар менен болгон байланышты бекемдөөгө шарт түзүлдү.