Баткен: Кызматым мекенге!

БАТКЕН: КЫЗМАТЫМ МЕКЕНГЕ!
Жоокерлер Мекен алдында ак кызмат өтөөгө ант беришти. Майрамдык иш чара жаш жоокерлердин салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Мекен алдында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө ар бир жоокер ант берип, бир ай ичинде үйрөнгөн аскердик коргонуу ыкмаларын ата-эне, жакындарына көрсөтүштү.
Салтанаттуу иш чара КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин техника жана куралдануу боюнча орун басары полковник Б.Б.Алыкеев жана Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири полковник О.Э.Пазыловдун башчылыгында өткөрүлдү.
Отряд командири полковник О.Э.Пазылов белгилегендей, жоокерлер куткаруучулук менен кошо айдоочу, электрик адистиктерин да өздөштүрүшөт.