Баткен: Кызыл-Кыя шаарына жаңы техникалар жеткирилди

БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ЖЕТКИРИЛДИ
Кызыл-Кыя шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө бөлүнгөн жаңы өрт өчүрүүчү автоунааларды тапшыруу салтанаты Кызыл-Кыя шаардык мэриясында уюштурулду.
Салтанатта ӨКМден бөлүнгөн жаңы техникалар шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен кошо Тоо кырсыгынан куткаруу кызматына да тапшырылды.
Атайын кызматтык жана өрт өчүрүүчү автоунааларды тапшыруу аземи шаар башчысы, мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда уюштурулду.