Баткен: Машыгуу өз максатына жетти

БАТКЕН: МАШЫГУУ ӨЗ МАКСАТЫНА ЖЕТТИ
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана күжүрмөн даярдыкты камсыздоо максатында уюштурулган машыгуу жыйынтыкталды.
Өзгөчө кырдаал болгон аймакта ыкчам чалгындоо жана куткаруу иш чаралары жүргүзүлүп, КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана район-шаардагы бөлүмдөрдүн, ошондой эле КР ӨКМ Республикалык өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте активдүү иш алып барды.
Баткен облусунун аймагында өтүп жаткан машыгууга бардык министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү катышып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын курамы жана ыкчам тобу тарабынан облуста өтүп жаткан машыгуу онлайн режиминде көзөмөлдө болду.
Мындан сырткары машыгуунун жүрүшүндө жер титирөөдөн жабыркаган кадамжайлыктарга жардам көрсөтүү максатында Чүй облусунда атайын штаб түзүлүп, аскердик чатырлар тигилген. Жардам көрсөтүү штабына өлкөнүн бардык аймактарынан жардам топтому топтолуп, колдоо көрсөтүү колго алынды.
Машыгуунун соңунда жыйынтык көрсөткөндөй, ар бир кызмат жана ӨКМнин өздүк курамы күжүрмөн даярдыкты көрсөтүү менен, машыгуунун уюшкандыкта өтүүсүн камсыздай алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР