Баткен: Мекеме – ишкана жана соода түйүндөрүндө өрт коопсуздук чаралары жүрүүдө
БАТКЕН: МЕКЕМЕ – ИШКАНА ЖАНА СООДА ТҮЙҮНДӨРҮНДӨ ӨРТ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮҮДӨ
КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын буйругун аткарууга алуу менен, район-шаардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Сүлүктү шаарынын аймагында 25 соода түйүндөрүндө, Кызыл-Кыя шаарында “Кадастр” мекемесинин кызматкерлерине, ошондой эле Юбилейная көчөсүндөгү көп кубаттуу турак үйдүн жашоочуларына өрт коопсуздугу боюнча сунуш барактар таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Раззаков шаарында, Кадамжай районунда да ӨКМ кызматкерлери соода түйүндөрүндө, билим берүү мекемелеринде жана турак жай секторлорунда өрттүн алдын алуу чараларын жүргүзүп жатышат.









