Баткен:Мектептерде өрт коопсуздук эрежелери көзөмөлдө
Бүгүн, 19-август күнү Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаардык мэрия жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы менен таанышып чыкты.
Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, жаңы окуу жылына карата талаптардын аткарылышы боюнча кандай даярдыкта экендигин карап чыгып, мектеп жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ушундай эле маанидеги түшүндүрүү иштери башкармалыктын район-шаардагы бардык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө.





