Баткен: Мен жана сиздин коопсуздугуңуз үчүн
Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Ак-Тилек” балдар бакчасында өрт тактикалык окуу уюштурду. Өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыгы катталган учурдагы эрежелер боюнча 1 өрт өчүрүүчү унаа 2 аскер кызматкери, 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу маалымат берди.
Ал эми Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы орто мектебинде №31 ӨККБ тарабынан Өзгөчө кырдаалдар жана өрт чыккан учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө окуучулар коопсуз жайга эвакуацияланып, куткаруучулардын ыкчам аракети менен жардамга муктаж окуучулар медицина кызматкерлерине өткөрүп берилди.