Баткен: Нөшөрлөгөн жаандан турак үйлөргө да сел суулары кирди

Бүгүн, 18-июнь күнү саат 18:47лер чамасында Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен И.Жусубалиев жана Ударная көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жана мекемелердин короолоруна сел суулары киргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине шаардагы бөлүктөн 1 бөлүм жана ыкчам топ чыгып, саат 20:19да ӨКМ Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүндө айгай көтөрүлүп, өздүк курам толугу менен куткаруу иштерине тартылды.

Ал эми саат 20:52де кошумча күч катары №75 бөлүктөн жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан куткаруучулар тартылды.

Учурда жеринде тактоо жана сел сууларынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.