Баткен облусуна 209 тонна гумжардам жеткирилди
БАТКЕН ОБЛУСУНДА 209 ТОННА ГУМЖАРДАМ ЖЕТКИРИЛДИ
2022-жылдын 18-сентябры саат 11.00 карата
Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 209 тн гумжардам жеткирилип, анын 153 тоннасы жерине таркатылууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт ачылды.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР