Баткен облусуна 775 677 тонна гуманитардык жардам келди

Бүгүн, 20- сентябрда Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев “Кабар” маалымат агенттигинде жеринен түз байланышка чыгып, облустагы абал тууралуу маалымат берди.
Рысбек Жолдошбаев облус аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы аткарып жаткан иштерге токтолду. “Аймактагы жабыркаган жарандарга, муктаждарга, эвакуацияланган калкка топтолгон гуманитардык жардамдарды жеткирүү, кабыл алууда боюнча иштер күнү-түнү активдүү аткарылууда. Баткен облусуна жалпысынан 775 миң 677 тонна жардам келип түштү. Анын 610 миң тоннасы ар бир райондорго, ар бир айыл өкмөттөргө жеткирилүүдө. Ал эми таркатуу иштери комиссиялык негизде таркатылууда. Бул комиссиянын башчылыгында жергиликтүү бийлик турат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү бул комиссиянын курамына кирип, жерине жеткирүү жүктөө, түшүрүү сыяктуу техникалык камсыздоо иштерин аткарат”, – Жолдошбаев.
Анын айтымында, эвакуацияланган жарандарды, убактылуу жайларга жайгаштыруу, аларды үч маал тамак менен камсыздап, балдар үчүн күнүмдүк гигиеналык каражаттарды бөлүштүрүп беришүүдө. Мындан сырткары штабдын башчысынын чечими чыккан күндөн тартып, жарандарды туруктуу жашаган үйлөрүнө көчүрүлөт.
Кенен маалымат https://youtu.be/8jhbCMMGkLs