Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча 2-октябрда саат 8:00гө карата ыкчам маалымат
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуациялык иштер:
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 125 020 адам Баткен облусуна кайтышты.
Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:
Баткен району- 74 жеке жарандардын үйлөрү;
Кадамжай району – 3 мекеме 25 бөлмө, 33 жеке жарандардын үйлөрү;
Лейлек району – 86 жеке жарандардын үйлөрү;
Кызыл-Кыя шаары – 5 мекеме 39 бөлмө;
Баткен шаары – 25 жеке жарандардын үйлөрү кабыл алууга даяр.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
КР ӨКМ – 595 куткаруучу, 69 бирдик техника;
– ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника, жалпы: 7863 кызматкер, 390 техника тартылды.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат:
Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп,
640 турак үй жабыркаган анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, ,335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган..
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына тартылган күч каражаттар:
КР ӨКМ тарабынан жалпысынан 237 жеке курам, 42 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 26 техника. Баткен районуна 130 куткаруучу жана 16 техника ал эми жергиликтүү бийликтен 20 техника бөлүндү. Лейлек районуна 76 куткаруучу жана 9 техника, жергиликтүү бийликтен – 6 техника иштеп жатат.
Облус боюнча 134 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 118 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 16 үй бузулуп, жумуштун көлөмү 26562 м3ду түздү.
Баткен району боюнча: 318 турак үй жараксыз абалга келген, 72 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 63 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй, бузулуп тазаланып, көлөмү 18 152 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.
Лейлек району боюнча: 105 турак үй жараксыз абалга келген, 62 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 55 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 7 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 8410 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.
Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:
Баткен облусуна жалпы 1614 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен
322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 255 тонна гуманитардык жардам бар.


