Баткен облусундагы абалды жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер тууралуу 14-октябрда 08:00гө карата маалымат

Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран  эвакуацияланып, анын ичинен бүгүнкү күндө 130 961 жаран туруктуу жашоочу жайларына кайткан.

Учурда убактылуу кабыл алуу жайларда-228 жаран (11-Ош шаарында, 11-Жалал-Абад облусунда, 15-Ысык-Көл облусунда, 94-Чүй. 157-Баткен облусунда), ал эми жарандардын үйлөрүндө-5521 жаран жайгашкан.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп,  661 турак үй (Баткен шаары-21, Баткен району-454, Лейлек району-186) жабыркаган.

Анын ичинен  423 турак үй  (Баткен шаары-1, Баткен району-321, Лейлек району-101) жашоого  жараксыз деп табылган.  238  турак үй  (Баткен шаары-20, Баткен району-133,- Лейлек району-85) ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык объектилер (Баткен району 2-административдик, 4-стратегиялык объектилер, Лейлек району 2-административдик, 3-стратегиялык объектилер), 27 социалдык объектилер (Баткен шаары.-1 бала бакча, Баткен району 11 мектеп, 9-бала бакча, 3-ФАП, Лейлек району-  1-мектеп, 1-бала бакча, 1-ФАП) 335 сарай (Баткен шаары-1,- Баткен району-319, Лейлек району-15) жабыркаган.

197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер (Баткен шаары-1, Баткен району-145, Лейлек району-51)  61 унаа (Баткен шаары-1, Баткен району-30,  Лейлек району-30), 1 унаа өтүүчү көпүрө жабыркаган.

Облус  боюнча: 422 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 387 турак үй,  Жергиликтүү бийлик тарабынан 35 турак үй бузулуп тазаланган. Жалпы жумуштун көлөмү 112 587 м3 түзгөн, анын ичинен:

Баткен району боюнча: 322 турак үй  жараксыз абалга келген, 331 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 295 турак үй,  Жергиликтүү бийлик тарабынан 26 турак үй, бузулуп тазаланып, көлөмү  95 817 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Лейлек району боюнча: 101 турак үй жараксыз абалга келген, 101 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 92 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй  бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат.