Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандарга гумжардам жеке колдоруна да таратылууда

24.09.2022
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН ЖАРАНДАРГА ГУМЖАРДАМ ЖЕКЕ КОЛДОРУНА ДА ТАПШЫРЫЛУУДА
Баткен шаарындагы ӨКМдин кампасынан эвакуацияланган мекендештердин бардыгына кечиктирилгис түрдө муктаж болгон баардык жардамдар жеке колдоруна да тапшырылууда.
Ошондой эле шаардагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да атайын тизменин негизинде гуманитардык жардамдарды унаага ташып, алып кетүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР