Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга 7850 адам,390 техника катышууда
Бүгүн, 23-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салуу иштери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов “Кабар” маалымат агенттигинде түз байланышта болду.
Урматбек Шамырканов Баткен облусунда жүргүзүлгөн эвакуация иштерин, жарандар кайсыл айылдарга жана шаарларга жайгаштырылгандыгын айтып өттү. Анын айтымында, Баткен шаарынан 25 миң 600 жаран эвакуацияланып, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына жайгаштырылган. Ал эми Баткен районунун айылдарынын тургундары 54 миң 684 тузүп, алар Кара-Бак, Рабат, Боз-Адыр, Кара-Токой, Согмен, Газ айылдарына жана Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына убактылуу жайгаштырылган. Ошондой эле Лейлек районунан Кулунду, Борбордук, Интернационал, Арка, Саадак, Достук, Максат айылдарынан 54 486 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Раззаков шаарларына жана Кара-Булак, Коргон, Булак-Башы, Самат, Маргун айылдарына убактылуу жайгаштырылган.
Жалпы облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Анын 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрунө, 4671 жаран эвакуациялык пункттарга, 3110 Баткен облусуна, 1561 Ош шаарына жайгаштырылган. Ошондой эле башка облустарга чыгып кеткен 4539 жаран убактылуу Чүй, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жайларга жайгаштырылган. Мындан сырткары 13757 жаран туруктуу жашаган үйлөрүнө кайта баштады.
Эвакуция иштерине тартылган күч, каражаттарынан 582 өздук курам, 69 техника, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 7268 кызматкер, 321 техника тартылган. Жалпысынан 7850 кызматкер 390 техника облустагы кырдаалды жөнгө салуу иштерин аткарууда..