Баткен облусунун аймагында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу саат 08:00гө карата маалымат

БАТКЕН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ТУУРАЛУУ 2022-ж. 28-СЕНТЯБРЬ СААТ 08:00гө КАРАТА МААЛЫМАТ
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен:
– 18281 жаран (Баткен-15487, Ош-1332, Жалал-Абад-383) жарандардын үйлөрүнө жайгашкан;
– 3889 жаран эвакуациялык пунктарда (Баткен облусунда-680, Ош ш.-1628, Жалал-Абад обл.-12, Бишкек ш.-170, Ысык-Көл обл.-137, Чүй-1262);
– 1701 жаран башка облустарга тууган уруктарынын үйлөрүнө чыгып кеткен;
24.09 карата 80809 жаран келди;
25.09 карата 11712 жаран келди;
26.09 карата 20388 жаран (КР ӨКМден-6 автобус, автотранспорт кызматынан
36 кичи автобус) КР ӨКМден 570 литр дизелдик күйүчү май бөлүнүп берилген.
• Баткен облусунан-923 жаран;
• Ош ш-378 жаран;
• Жалал-Абад облусунан-12 жаран.
• Өз жолу менен турукту жайына келишкен-19075 жаран.
27.09 карата 2061 жаран келди (автотранспорт кызматынан 49 кичи автобус)
• Баткен облусунан-198 жаран келди (7 кичи автобус);
• Бишкек ш.-160 жаран жолдо (15 кичи автобус);
• Ош ш.-287 жаран келди (11 кичи автобус);
• Жалал-Абад облусунан-61 жаран келди (1 кичи бус, 1- портер,5-женил унаа);
• Ош облусу -361 жаран келди (15 кичи автобус) (Тиркеме-2).
• Өз жолу менен турукту жайына келишкен-994 жаран келди.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
– КР ӨКМ–582 куткаруучу, 69 бирдик техника;
– ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника;
Жалпы: 7850 кызматкер, 390 техника.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат:
Бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп 640 турак үй, 430 жашоого жараксыз, 210 ондоп түзөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 18 (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП) социалдык объектилер, 336 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 унаа жабыркаган.
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына тартылган күч каражаттар:
КР ӨКМги тарабынан жалпысынан 30 атайын техника (15-ХОВО, 6-эксковатор,
3-жүтөгүч, 1-манипулятор, 2-бензовоз, 3-трал) тартылган. (Тиркеме 4).
Лейлек районуна 92 куткаруучу жана 10 техника (Максат а. 42-куткаруучу,
5 техника, Борбордук а. 4-техника, 50-куткаруучу, Достук а.-1 техника )
Жергиликтүү бийликтен – 5 техника (Максат а. 1 жүктөгүч; Борбордук а.
-1 жүктөгүч,2-самосвал
Баткен районуна 113 куткаруучу жана 12 техника (Аксай а. 52-куткаруучу,
6-техника, Аксай а. Капчыгай тилкесинде 62-куткаруучу 6-техника) тартылды.
Жергиликтүү бийликтен – 4 техника ( Баткен р. Достук а. 1 самосвал,
3-жүктөгүч) 200 волонтер.
Баткен району боюнча: 323 турак үй жараксыз абалга келген, тартылган күч каражаттын жардамында 17 турак үй бузулуп тазаланган. Аткарылган жумуштун көлөмү 2908 м3 бузулуп тазаланган.
Лейлек району боюнча: 106 турак үй жараксыз абалга келген, тартылган күч каражаттын жардамында 13 турак үй бузулуп тазаланган. Аткарылган жумуштун көлөмү 1250 м3 бузулуп тазаланган.
Облус боюнча: 30 турак үй бузулуп, жумуштун көлөмү 4158 м3 түздү.
Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:
Баткен облусуна жалпы 1500,637 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 265,717 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 248,3 тонна гуманитардык жардам турат. (Тиркеме 5).
КР ӨКМне караштуу Материалдык резерв фондунда көрөнгөдө: Кара-Суу районунда болжол менен 150 тн. ун, 100 тн. шекер, Кызыл-Кия шаарында 200 тн. суу майы, 200 тн. кум шекер сакталып турат.
Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:
Баткен облусуна жалпы 1550,637 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 265,717 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 248,3 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын КР ӨКМне караштуу Материалдык резервдер фондунда көрөңгөдө: Кара-Суу районунда болжол менен 150 тн. ун, 100 тн. кумшекер, Кызыл-Кыя шаарында 200 тн. суу майы, 200 тн. кумшекер сакталып турат.
Гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары боюнча маалымат:
Жалпы Баткен облусунун аймагында 16 жерде (Баткен ш.-2, Баткен р.- 2, Лейлек р.-7, Кадамжай р.-3, Кызыл-Кыя ш.-1, Сүлүктү ш.- 1 ) гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары уюштурулган ар бир таркатуу жайында КР ӨКМден бирден жооптуу кызматкер дайындалган.
Мындан тышкары КР ӨКМ тарабынан Баткен шаарынын борбордук аянтында жарандарга ысык тамак-аш берүү жагы уюштурулган. Бүгүнкү күнгө 2874 жаранга ысык тамак-аш берилген.
Гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктары боюнча маалымат:
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 13;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 53;
– Чүй облусунда – 8;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 4.