Баткен облусунун аймагында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча аткарылган иш чаралар

БАТКЕН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ТУУРАЛУУ 2022-ЖЫЛДЫН 4-ОКТЯБРЫ, СААТ 20:00гө КАРАТА МААЛЫМАТ
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуация иштери:
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, бүгүнкү күнгө 128 244 жаран өз үйлөрүнө кайткан.
Учурда эвакуациялык пункттарда 1 735 жаран бар, анын ичинен Ош шаарында 17, Баткен облусунда 547, Жалал-Абад облунда 17, Ысык-Көл облусунда 67, Чүй 1087 жаран жашап жатышат.
Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:
• Баткен району- 74 жарандын үйү;
• Кадамжай району – 3 мекеме 25 бөлмө, 33 жеке жарандын үйлөрү;
• Лейлек району – 86 жеке жарандын үйү;
• Кызыл-кыя шаары – 5 мекеме 39 бөлмө;
• Баткен шаары – 25 жеке жарандардын үйлөрү кабыл алууга даяр.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
– КР ӨКМ – 557 куткаруучу, 85 техника;
– ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника;
Жалпы: 7825 кызматкер, 406 техника.
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына КР ӨКМ тарабынан жалпысынан 244 жеке курам, 40 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 25 техника тартылган.
Облус боюнча: 219 турак үй бузулуп, ӨКМ 194 турак үй, Жергиликтүү бийлик 25 турак үй бузуп тазалашкан. Жалпы жумуштун көлөмү 51 747 м3ду түзгөн, анын ичинен:
Баткен району боюнча: 318 турак үй жараксыз абалга келген, 139 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 118 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 21 турак үй, бузулуп тазаланып, көлөмү 40 337 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.
Лейлек району боюнча: 104 турак үй жараксыз абалга келген, 80 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 76 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 4 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 11 410 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.
Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:
Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен
322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат.
Гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары боюнча маалымат:
Жалпы Баткен облусунун аймагында 16 жерде (Баткен ш.-2, Баткен р.- 2, Лейлек р.-7, Кадамжай р.-3, Кызыл-Кия ш.-1, Сүлүктү ш.- 1) гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары уюштурулган.