Баткен облусунун чек ара айылдарында жабыркаган элге ун жана өсүмдүк майы жеткирилүүдө

18.11.2022
БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЧЕК АРА АЙЫЛДАРЫНДА ЖАБЫРКАГАН ЭЛГЕ УН ЖАНА ӨСҮМДҮК МАЙЫ ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин 1-орун басары Азамат Мамбетов Баткен облусунда иш сапарында болуп, убактылуу жайгаштыруу пункттарында жашап жаткан элден кабар алды. Чек арадагы окуядан жабыр тарткан жарандарга кампада турган БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ун жана өсүмдүк майы жеткирилди.
Атап кетсек 17-ноябрь күнү 20 тн ун жана 2 тн суу май Лейлек районунун айылдарындагы жабыркаган жарандар үчүн жеткирилип берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР