Баткен облусунун тургундарынан ыраазычылык

Калк коопсуздугуна камылга
Быйылкы жыл Баткен облусу үчүн өзгөчө түйшүктүү жыл болду. Чек ара окуялары, табият кырсыктары чоң зыян алып келди. Атап айтканда Кыштут айыл аймагында 2021-жылдын 19-июль күнү катуу жаап өткөн жамгырдан улам Газ айылында ички чарбалык 4 көпүрөнү жууп кеткен. Ошондой эле ички чарбалык арыктарга, жолдорго кум шагыл толгон. 20-июлда дагы катуу жаан жаап, сел агымынан Согмент жана Газ айылындагы 28 турак үйдүн короосуна, бир унаага сел суусу кирип, 35 турак үйдүн короосун сел суусу каптаган. Сел өтүүчү сайга жакын жайгашкан 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Сай жээгин бекемдеген 80 даана габиондук торчосун сел агызып кеткен.
Келтирилген зыянды жоюуда жана кайра калыбына келтирүүгө жеке менчик жана ӨКМден атайын техникалар тартылып, сел суусу кирген турак үйлөр толугу менен тазаланып, электр энергиясы калыбына келтирилди. Газ-Согмент жолунун жээгинин 2,5 км аралыгы толук тазаланып бүткөрүлдү.
Мындай шартта өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы О.Пазылов баштаган ӨКМ кызматкерлер күжүрмөн эмгек көрсөтүп, жеринде ыкчам аракет көрсөтүлдү. Селден кийинки калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турду. Мындан сырткары Газ, Согмент айылында сапаттуу, талаптарга ылайык 3 көпүрө курулуп, кыска аралык ичинде бүткөрүлдү. Ал үчүн өкмөттөн жалпы 19 млн. 700 миң сом каралды.
Иш ыргагы облус башчысы А.Алимбаев жана ӨКМ Баткен облустук башкармалыгынын башчысы О.Пазыловдун жеке көзөмөлүндө турду. Натыйжада калк коопсуздугун жана жергиликтүү элдин район борбору менен болгон байланышын камсыздоого шарт түзүлдү. Мындан улам жергиликтүү эл өз ыраазычылыгын Министрликке Ыраазычылык кат аркылуу жолдогон.
Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук саясий-гезити
 https://www.facebook.com/107002004345284/posts/442283000817181/?sfnsn=mo