Баткен: Огород участкаларына да сел суулары кирди

Бүгүн, 17-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Кадамжай районунун Совет айылында сел жүрүп, 6 огород участкаларына да кирген.

Жеринде Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы баштаган ыкчам топ тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Лейлек районунун Катраң-Коргон унаа жолуна сел суулары түшүп, жол каттамы калыбына келтирилди. Катраң айылынын Үч-Булуң участкасында бир турак үйдүн айланасы кум-шагалга толуп, сел суулары кирген.

Учурда 1 бирдик жүктөгүч техниканын жардамы менен тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.