Баткен: Окуучулар биздин куткаруучулар менен

КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө мектеп окуучуларына экскурсия уюштурулду. Орто мектептин бүтүрүүчү класстары куткаруучулардын жумуш күнүнө күбө болуп, өрт өчүрүүчү техника жана атайын шаймандар менен таанышты.
Иш чара Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, окуучулар куткаруучулар менен баарлашууга да мүмкүнчүлүк алышты.