Баткен: Окуучулар өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын жумушчу күнү менен таанышты
БАТКЕН: ОКУУЧУЛАР ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ЖУМУШЧУ КҮНҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
15-июнь – өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кесиптик майрамы. Бул датага карата куткаруучулардын бир күндүк жумушу жана өрт өчүрүү, куткаруу иштеринде керектелчү шаймандар менен мектеп окуучуларын тааныштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ачык эшик күнүнүн алкагында Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери шаардагы бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн практикалык сабактарды өткөрдү.
Ал эми Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы борбордук базарда өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү. Андан соң сатуучуларга жана жергиликтүү жашоочуларга өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




