Баткен районундагы тазалоо жумуштары

Баткен районунун Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде бүгүнкү күнгө карата
5 турак үй тазаланып, 3000 тонна же 1666 м³ таштанды тазаланды. Жалпысынан 32 турак үй, 13625 тонна же 7450 м³ таштанды чыгарылды.
Ал эми Достук айылында 11 турак үй толугу менен тазаланып бүткөрүлүп, 2520 м3 таштанды ташылып чыгарылды. Кол каражаттары менен жалпысынан 51 турак үй тазаланды. Ал үчүн КР ӨКМнен 55 куткаруучу жана жергиликтүү бийликтен 1 ХОВО, 1 жүктөгүч, ошондой эле ӨКМнен 1 эксковатор тартылды.
Мындан сырткары, Миң-Өрүк участкасында жалпы 15 турак үй тазаланып бүткөрүлдү. Жыйынтыгында 416 м3 таштанды ташылып чыгарылып, кол каражаттары менен жалпысынан 25 үй тазаланды. Кошумча күч катары 31 куткаруучу менен кошо жергиликтүү бийликтен 2 самосвал, 1 жүктөгүч жана 1 эксковатор тартылды.