Баткен: Өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүп жатат
БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Бул багытта ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы калк арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин улантууда. Жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү иреттөө, таштандыларды өрттөп тазалоодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.
ӨКМ кызматкерлери өрт коопсуздугу боюнча Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылында, Кадамжай шаарынын аймагында турак жай ээлерине үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Сүлүктү шаардык №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери шаардагы Кольцо айылынын тургундарына өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.




