Баткен: Өрт коопсуздук эрежелери баарыбыз үчүн маанилүү

БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БААРЫБЫЗ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
Ак-Сай айыл аймагындагы орто жана башталгыч мектептин окуучулары, балдар бакчасы жана фельдшердик-акушердик пункттун кызматкерлери бүгүн ӨКМ офицерлери менен жолугушуп, өрт кырсыктарынын алдын алуу жана коопсуздук эрежелери боюнча маалымат алышты.
Ал эми Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери турак үйлөрдө жылытуу приборлорун пайдалануудагы коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин улантып жатышат.
Кызыл-Кыя, Баткен шаары жана Кадамжай районунда соода-сатык жүргүзгөн ишкерлерге өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча нускама өтүлүп, турак үй жана мекеме-ишканаларда меш жана электр приборлорун туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.