Баткен: Өрт коопсуздук эрежелери – баарыбыз үчүн

БАТКЕН: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ – БААРЫБЫЗ ҮЧҮН
ӨКМдин аскер кызматкерлери мекеме-ишканаларда жана калк арасында өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда. Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү №9 гимназия мектебинде мугалимдер жана бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуп, өрт өчүрүү кызматын чакыруу эрежелери, куткаруучулар тобу келгенге чейин өрт өчүрүүдөгү биринчи аракеттер боюнча түшүндүрмө беришти.
Ал эми Сүлүктү шаарындагы Жураев, Шахтер көчөсүнүн, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын жашоочулары менен жолугушкан ӨКМ кызматкерлери тиричилик техникаларын туура пайдалануу, от жагуудагы коопсуздук эрежелери жана өрт коопсуздук эрежелери бузулган учурда кайрылуу үчүн 112 байланыш номери боюнча нускама өтүштү.