Баткен: Өрт кырсыктарын алдын алабыз

Кыш мезгилинде өрт коопсуздугуна өзгөчө маани берүү зарыл. Бул максатта КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери турак үйлөрдү кыдырып чыгып, өрт коопсуздук эрежелерин сакталышын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Кадамжай, Айдаркен шаарларындагы турак жай секторлору менен кошо билим берүү мекемелеринде да профилактикалык иштер колго алынып, мектеп окуучулары менен жолугушуу, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.