Баткен:Самаркандек айылында жараксыз болгон 10 үй тазаланды

Кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүнкү күнгө карата Самаркандек айылында жалпы 10 жараксыз болгон үй тазаланып бүттү.
Белгилей кетсек, Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 640 турак үй такталган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.