Баткен: Сарайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

БАТКЕН: САРАЙДА ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 28-март күнү саат 13:20да Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү участкасындагы Досматов көчөсүндө сарай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Кадамжай шаарындагы №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүмдө 3 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылып, кошумча күч катары 2-бөлүм саат 14:15де чыгышкан.
Тилсиз жоо саат 14:44тө чектөөгө алынып, саат 15:07де толугу менен өчүрүлдү.
Жабыр тарткандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.