Баткен: Сарайдагы өрт өчүрүлдү
Бүгүн, 2-сентябрь күнү саат 13:33тө Айдаркен шаарынын Жал айылында сарай өрттөнүп жаткандыгын билдиришкен. Жерине №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 14:44тө өрт чектөөгө алынды.
Саат 15:45те өрт толугу менен өчүрүлдү. Жалындын аянты 84 чарчы метрди түзүп, 230 даана таңгалкталган тоют чөп, 22 тунике шифер, 22 айырмач (стропила), 12 , 300 метр рейка жана 4 балка чыгым болгон.
Жабыркагандар жок.