Баткен: Сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынды

БАТКЕН: САРАЙДАН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Бүгүн, 28-март күнү саат 13:20да Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү участкасындагы Досматов көчөсүндө сарай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Кадамжай шаарындагы №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүмдө 3 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылып, кошумча күч катары 2-бөлүм саат 14:15де чыгышты.
Саат 14:44кө карата жалын курчоого алынды.
Кошумча маалымат берилет.