Баткен: Шаарда 85 турак үй жана 1000 м ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынды

БАТКЕН: ШААРДА 85 ТУРАК ҮЙ ЖАНА 1000 м ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ
Баткен шаарындагы Чет-Булак кварталында сел коркунучунан коргоо иштери жыйынтыкталууда. 600 метр сайдын ичи тазаланып, механикалык тазалоо жумуштары бүткөрүлсө, сайдын эки жээгинде жайгашкан турак жайлар да сел кооптуулугунан коргоо алынат.
Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары жүрүп жаткандыгына жергиликтүү эл да ыраазы. Себеби өткөн жылы сел келип, сайдын жээгиндеги турак үйлөргө да коркунуч жаралган.
Аталган объекттеги жумуштун жыйынтыгы менен 85 турак үй, 1000 метр ички чарбалык арык жана 1000 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан корголот. Мындан сырткары “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чараларынын иш мерчемине” ылайык жаз айларындагы жаан-чачынга байланыштуу сел кырсыктарынын алдын алуу иштери облустун башка аймактарында да кызуу уланууда.