Баткен шаарында ӨКМ ысык тамак уюштурду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен шаарында ысык тамак уюштурууда. Ысык тамак эвакуацияланган жарандарга, шаар тургундарына жана абалды турукташтырууга катышып жаткандардын бардыгына берилүүдө.
Шаар ичинде ашканалар, дүкөндөр күндөгү тартипте иштегенге чейин тактап айтканда, абал турукташып эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтканга чейин ӨКМ бир күндө үч маал ысык тамак менен камсыздашат.