Баткен: Шахталарда куткаруу иштери боюнча машыгуу өттү

Сүлүктү шаарында көмүр кенин өндүрүүчү шахталар көп болгондуктан, кырсык катталган учурда урандылардын астында калган же газга ууланган жабырлануучулардын коопсуздугун камсыздоодо куткаруучулардын ыкчам аракети маанилүү. Бул багытта 2 күндүк атайын тактикалык машыгуу Сүлүктү шаарынын Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө “Ахмат Кен” көмүр шахтасынын айланасында кырсык катталгандагы боюнча медицина, Тоо кен куткаруу жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө кызматтарына билдирүү берилип, куткаруучулар ыкчам жетип барышты.
Лейлек райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шахталардын башкы инженерлери үчүн машыгуунун жүрүшү боюнча жана кырсык катталган учурда адам өмүрүн сактап калуу, куткаруу иштерин жүргүзүү, алдын алуу жана болтурбоо жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.