Баткен: Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн экинчи баланын сөөгү табылды

БАТКЕН: ТӨРТ-КҮЛ СУУ САКТАГЫЧЫНА ЧӨККӨН ЭКИНЧИ БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
2023-жылдын 14-майында кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
КР ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-ж.т. Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө бүгүн, 18-май күнү да ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан аталган жарандын сөөгү табылды.