Баткен: Түзүмдүк бөлүмдөр ишембиликте
БАТКЕН: ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮМДӨР ИШЕМБИЛИКТЕ
Айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана иретке келтирүүнүн алкагында КР ӨКМдин Баткен облусу башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө ишембилик өткөрүлдү.
Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Айдаркен шаарында өздүк курам тазалоо, актап сырдоо жумуштарын жүргүзүп, имараттын айланасы иретке келтирилди.
Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы имараттын аймагына көчөт жана гүлдөрдү отургузуп, шаарда жаңыдан уюштурулуп жаткан сейил багында жашылдандыруу иштерине катышты.






