Баткен: Табигый кырсыктардын алдын алуу чаралары жүрүп жатат

БАТКЕН: ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Абанын температурасы кескин төмөндөп, муз тоңгондуктан суулардын деңгээли көтөрүлүүдө. Буга байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеевдин Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумун “Жогорулатылган даярдык” иштөө режимине өткөрүү боюнча №1 буйругу чыккан. Ал эми Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында “Өзгөчө кырдаал” абалы жарыяланып, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Аномалдуу суук өлкө аймагында гана эмес, кошуна өлкөлөрдө да катталып, коммуналдык кызматтардын жумушуна тоскоолдук жаратууда. Ал гана эмес, абанын температурасы калыбына келери менен көпчүлүк аймактарда кар көчкү жана сел жүрүү кооптуулугу жаралышы мүмкүн.
Буга байланыштуу Баткен облусунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жарандык коргонуу тутуму тарабынан табигый кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо иш чарасы уюштурулуп, мындай иш чара өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүсү мерчемделген.