Баткен: Тиешелүү техникалар иштеп жатат

Бүгүн, 20-июнь күнү саат 15:40тар чамасында жааган жаандын кесепетинен Лейлек районунун Коргон-Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 1-8-чакырымына сел суулары келип, жолдун айрым бөлүктөрүнө кум шагал түшкөн.

Сел суулары токтоп, тазалоо иштерине №13 Жол тейлөө ишканасынан тартылган жалпы 5 техниканын жардамы менен убактылуу жабылган жол каттамы ачылды.

Ал эми Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Сел өтүүчү сайды бекемдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында 7,5 км узундуктагы жеринде КР ӨКМнин 1 оор жүктөгүч техникасы иштеп жатат.