Баткен: Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна тоют чөп чыгым болду

Бүгүн, 16-август күнү саат 14:04тө Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында Ж.А.га таандык сарайдан өрт чыгып, аталган дарек боюнча №75 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын аракети менен саат 14:42де чектөөгө алынып, саат 15:31де толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна тоют чөп, 24 даана шифер, 9 даана айырмач (сторопила), 56 метр рейка зыян болду.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Жабыркагандар жок.