Баткен: Тилсиз жоонун кесепетинен азык-түлүк чыгым болду

Бүгүн, 25-июнь күнү Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Такталган маалыматка ылайык, З.К. аттуу жаранга таандык 3 бөлмөлүү үйдө (времянка) өрт чыгып, аянты 96 чарчы метрге чейин жеткен.

 

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө №107 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган бөлүм тарабынан саат 15:39да өрт чектөөгө алынып, 16:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

 

Тилекке каршы, үйдүн 1 бөлмөсү жана верендасы, үй ээсинин документтери менен кошо 2 даана килем, эшик жана 4 даана терезе, 80 даана шифер, 600 литр өсүмдүк майы, 200 кг кумшекер жана 35 000 сомдук кара чай өрттөнгөн.

 

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

 

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.