Баткен: Өткөрмө кубок боюнча мелдешке 7 команда катышты
БАТКЕН: ӨТКӨРМӨ КУБОК БОЮНЧА МЕЛДЕШКЕ 7 КОМАНДА КАТЫШТЫ
КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдыгы белгиленди. Бул датанын урматына командирдин өткөрмө кубогу Баткен шаарында өткөрүлүп, спорттук мелдештер боюнча жалпы 7 команда күч сынашты.
Волейбол жана футбол боюнча уюштурулган оюндун жыйынтыгы менен 3-орунду Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын курама командасы, 2-орунду Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отряды багындырса, 1-орунду Биринчи издөө-куткаруу отряды камсыз кылып, кубок менен сыйланды.
Мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар жана командалар Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.






