Баткен: Турак үйдүн чатырында өрт чыкты

Түнкү саат 01:26да түшкөн маалымат боюнча, Кадамжай районунун Жоошук айылында турак үйдүн чатырында өрт чыккан. Жерине аймактагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, натыйжада 4 өрт өчүрүүчү саат 01:59да өрттү чектөөгө алышкан.

Мештин морун туура эмес орнотуудан чыккан өрт саат 02:22де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жана материалдык чыгым болгон жок.