Баткен: Турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

БАТКЕН: ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 8-апрель күнү саат 07:01де Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 07:03тө №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн тартылган өрт өчүрүүчү куткаруучулар саат 07:08де жетишкен.
Тилсиз жоо саат 07:22де чектөөгө алынып, саат 07:40та толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы ээлеген аянты 16 чарчы метрге жетип, үй буюмдары, палас жана төшөк-жууркандар чыгым болгон.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч келген эмес.