Баткен: Турак үйдөн өрт чыкты
Түнкү саат 01:05те түшкөн маалымат боюнча Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында турак үйдөн өрт чыккан. Өрт №107 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан саат 02:10до чектөөгө алынып, саат 03:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты 207 чарчы метрге жетип, 240 даана шифер, 114 даана айырмач (стропила), 114 даана рейка жана 80 даана торсун күйүп кеткен.
Жабыр тарткандар жок.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.