Баткен: Турак жай секторлорунда өрт коопсуздук чаралары жүрүүдө

БАТКЕН: ТУРАК ЖАЙ СЕКТОРЛОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮҮДӨ
КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы калк арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин бардык региондордо улантууда. Жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү тазалоо иштеринде, таштандыларды өрттөп жок кылууда өрт коопсуздук эрежелерине маани берүү керек.
ӨКМ кызматкерлери бүгүн да Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Татыр, Чек айылдарында жана Кадамжай районунун аймагында пропаганда иштерин жүргүзүүдө. Ал үчүн Ак-Сай айылындагы №106, Баткен шаарындагы №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлери жергиликтүу жашоочуларга өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.