Баткен: Улут болсом – тилим менен улутмун
БАТКЕН: УЛУТ БОЛСОМ – ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН
21-февраль-Эл аралык эне тил күнү. Бул датанын урматына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн офицерлери мектеп окуучулары, маданият өкүлдөрү менен жолугушуп, эне тилинин улуулугун даңазалашты.
Сүлүктү шаарындагы Т. Рустамов атындагы №5 орто мектебинин өзбек улутундагы окуучулары да аталган саамалыкка активдүү катышып, №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте ачык сабак өткөрүштү.
Кыргыз тилинде көркөм окуган окуучулар акындарыдын жалындуу ыр саптарын айтып, жолугушуу соңунда кеченин катышуучулары менен ӨКМдин аскер кызматкерлери Ата Мекен, атуулдук сезим жана мекенчилдик тууралуу пикир алышты.