Баткен: Жол кырсыгынан бир адам каза болду
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай районундагы 112-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, КамАЗды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (1995-жылы туулган Б.А.) каза болгон.
Окуя болгон жерге No76-ПСЧнын 5 куткаруучусу тартылып, адамдын жансыз денесин алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.