Баткен: Өздүк курам күжүрмөн даярдык боюнча мелдешке катышты

КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы атайын мелдеште күч сыноо үчүн чогулду.
Кызматкерлер арасында авариялык куткаруу иштерине жана күжүрмөн даярдыгын күчөтүү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштурулушу менен кызматкерлер шамдагайлыкка үйрөнүп, билим-тажрыйбасын бекемдөөгө шарт түзүлөт.